Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Талас районунун Жон-Арык айылында 0,4 кВ чыңалуудагы СИП-2 аба чубалгысын тартуу жана 41 даана темир-бетон мамы орнотуу иштери аяктады.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Талас району боюнча СИП-3 аба чубалгысын тартуу 2,3 чакырым мерчемделсе, бүгүнкү күндө анын 1,5 чакырымы аткарылды. Ошондой эле, СИП-2 аба чубалгысы боюнча белгиленген 10 чакырымдын 7 чакырымы аткарылды.
Белгиленгендей, жүргүзүлгөн иштер абоненттерди электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
“Жаңы СИП-2 аба чубалгысынын тартылышы электр энергиясын туруктуу берүүнү камсыздап, авариялык өчүүлөрдүн тобокелдигин азайтып, электр менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатат. Ошондой эле электр тармагын жаңылоо электр энергиясына суроо-талап жогорулаган мезгилдерде керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууга шарт түзөт”,-деп айтылат маалыматта.