Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Швецияда балдар жана өспүрүмдөр арасында тиштин эмалынын бузулуу учурлары көбөйүүдө. Мунун мүмкүн болгон себептеринин бири катары энергетикалык жана газдалган суусундуктарды көп колдонуу аталууда. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ жазды.
Швециянын Социалдык камсыздандыруу агенттигинин маалыматына ылайык, быйыл мындай жабыркоолорго байланыштуу стоматологиялык процедуралардын саны өткөн жылга салыштырмалуу өскөн.
Швециянын Тамак-аш агенттигинин катышуусунда жүргүзүлгөн изилдөөдө 15-19 жаштагы өспүрүмдөрдүн дээрлик 30%ы энергетикалык суусундуктарды күн сайын, ал эми 75%ы жумасына жок дегенде бир жолу ичери аныкталган. Бул көрсөткүч Түндүк Европанын башка өлкөлөрүндөгү теңтуштарына караганда жогору.
Адистердин эскертүүсүндөй, тиштин эмалына канттуу гана эмес, кычкылдуулугу жогору болгон кантсыз суусундуктар да зыян келтириши мүмкүн. Алгач байкалбаган жабыркоо убакыттын өтүшү менен тиштин сезгичтигин жогорулатып, түсүн өзгөртүп, эмалын жукартат. Оор учурларда татаал стоматологиялык дарылоо талап кылынышы мүмкүн.
Адистер энергетикалык жана газдалган суусундуктарды чектөөнү, аларды узак убакыт бою аз-аздан ичпөөнү жана кычкыл суусундук ичкенден кийин тишти дароо тазалабоону сунушташат.