Швеция өкмөтү ChatGPT жана Claude платформаларына тыюу салууда

Дүйнө
Швеция өкмөтү ChatGPT жана Claude платформаларына тыюу салууда
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Швециянын мамлекеттик кызматкерлерине купуя маалыматтарды иштетүү боюнча кооптонуулардан улам кеңседеги компьютерлеринде OpenAI компаниясынын ChatGPT жана Anthropic компаниясынын Claude браузерлеринин веб-версияларын колдонууга уруксат берилбейт.

Euronews билдиргендей, бул чечим ушул жылдын башында Швециянын Транспорт администрациясынын кызматкерлери тарабынан колдонулган жасалма интеллект куралдарын текшерүүдөн кийин кабыл алынган. Аудит аталган платформаларды расмий тапшырмаларда "көйгөйлүү" деп аныктады.

Адистер мындай моделдерге маалыматтарды коргоо жана коопсуздук боюнча атайын келишимсиз купуя маалыматты киргизүү маалыматтын модель тарабынан колдонулушуна алып келиши мүмкүн деп кооптонушууда.

Бул жасалма интеллект платформалары маалыматтардын коопсуздугуна байланыштуу Швеция өкмөтү тарабынан жактырылбаган DeepSeek куралдарынын тизмесине кошулду.