Швецияда мектептеги атышууда кеминде беш адам каза тапты

Дүйнө 5 февраль 2025 09:15
Швецияда мектептеги атышууда кеминде беш адам каза тапты
copyright icon ТАСС

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Швецияда мектептеги атышууда кеминде беш адам каза таап, ондон ашуун киши жаракат алды.

ТАСС билдиргендей, окуя Швециянын Эребру шаарындагы мектепте болгон.

Полиция шектүү эркек киши экенин, ал өзүнө да ок чыгарып, каза болгонун кабарлады.

Анын мындай кылмышка барышына эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Полиция кызматкерлери иликтөө иштеринин жүрүшүндө бардыгы изилденерин айтышты.