Изилдөөчүлөр ЖИнин тез өнүгүшү боюнча тынчсыздануусун билдирди

Дүйнө 30 сентябрь 2026 09:50
Изилдөөчүлөр ЖИнин тез өнүгүшү боюнча тынчсыздануусун билдирди
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. OpenAI жана Google DeepMind компанияларынын азыркы жана мурдагы изилдөөчүлөрү жасалма интеллекттин тез өнүгүшү аны адам тарабынан көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнөн озуп кетиши мүмкүн экенин эскертишти. Бул тууралуу Reuters жазды.

Адистер өзгөчө жасалма интеллекттин адамдын түздөн-түз катышуусуз өзүн-өзү үйрөтүп, жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болуусуна байланышкан "рекурсивдүү өзүн-өзү өркүндөтүү" коркунучун белгилешти. Алар ЖИ тармагындагы компаниялар жаңы моделдерди иштеп чыгууга көбүрөөк көңүл буруп, коопсуздук маселелерине жетиштүү маани берилбей жатканын билдиришкен.

DeepMind изилдөөчүсү Нил Нанда ИИнин өнүгүшү адамзаттын жок болуп кетишине алып келүү ыктымалдыгын кеминде 10% деп баалаган. Ал эми OpenAIнин изилдөө инженери Хуан Фелипе Серон Урибе алдыңкы ИИ лабораторияларынын атаандаштыгын "көзү байланган жарышууга" салыштырып, этият болууга чакырган.

Ошол эле учурда Anthropic компаниясынын жетекчиси Дарио Амодеи ИИни өнүктүрүү темпин жайлатууга чакырса, OpenAIнин жетекчиси Сэм Альтман бул пикирге макул болгон. Reuters маалыматына караганда, бир катар изилдөөчүлөр мыйзам чыгаруучуларды өзүн-өзү өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ ЖИ моделдерин иштеп чыгуу маселесине көңүл бурууга чакырышты.