Өзбекстанда OpenAI салык төлөөчү катары катталды

Борбор Азия Загрузка... 09 Апрель 2025 18:00
WhatsApp Image 2025-04-09 at 15.51.36.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 09.04.25. /Кабар/. Апрель айынын башында Өзбекстанда салыкка катталган чет өлкөлүк интернет-компаниялардын тизмеси үч ири оюнчу менен толукталды, анын ичинде ChatGPT чат-ботунун белгилүү иштеп чыгуучусу OpenAI да бар. Бул тууралуу өлкөнүн Салык комитети билдирди.

OpenAI компаниясы салык төлөөчү катары 8-апрель күнү катталган. Компаниянын негизги продуктусу болгон ChatGPT бир нече айдан бери өлкөдө жүктөөлөр боюнча лидерлик орундарды ээлеп, рейтингдердин алдыңкы саптарында турат.

OpenAI компаниясынан тышкары, апрель айынын башында салык төлөөчүлөр катары катталган дагы үч компания бар: 7-апрелде америкалык булут кызматы DigitalOcean жана 4-апрелде орус стриминг платформасы ivi.ru.

Ошентип, Өзбекстанда катталган чет өлкөлүк интернет-компаниялардын жалпы саны 67ге жетти, анын ичинен 7си 2024-жылдын башынан бери катталды.