Социалдык контракт – жакырчылык менен күрөшүүнүн натыйжалуу куралы

Коом Загрузка... 18 Март 2026 10:21
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда жарандардын эки категориясы социалдык келишим түзө алат. Биринчиси "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган, 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, экинчиси "жакыр үй-бүлө" статусуна ээ болгондор. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ишке орноштурууга көмөктөшүү башкармалыгынын башкы адиси Жалын Токтосунов билдирди.

Анын айтымында, жакыр үй-бүлө статусундагылар үчүн айыл өкмөтүнөн социалдык паспорт толтуруу милдеттүү шарт болуп саналат. Ошондой эле адис мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун салыштырып өттү.

"Эгерде "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу ар бир балага айына 1200 сомду түзсө, социалдык келишимдин жардамы менен үй-бүлөлөр ай сайын 15 миң сомдон жогору туруктуу кирешеге чыгып жатышат. Бүгүнкү күндө социалдык келишимди жакырчылыкты жоюунун эң натыйжалуу куралдарынын бири катары кароого болот", – деп баса белгиледи Жалын Токтосунов.