Бишкек, 16.12.25. /Кабар/. Соода-өнөр жай палатасынын президиумунун кезектеги жыйыны өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, жыйында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана палатанын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган бир катар уюштуруучулук маселелер каралды.
Жыйындын алкагында палатанын чет өлкөлөрдөгү жаңы өкүлдөрүн бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынып, төмөнкү өкүлдөр бекитилди:
- Кытайдын Шаньси провинциясы — Амина Мусарова;
- Кытайдын Гуандун провинциясы — Алишер Момунов;
- Кытайдын Чжэцзян провинциясы — Медербек Акматалиев;
- Сауд Аравия Падышачылыгы — Назира Ибраим кызы;
- Американын Чикаго шаары — Тимур Тиленов;
- Американын Пенсильвания штаты — Эсенбек Кенжетаев.
Маалыматта белгиленгендей, жаңы өкүлдөрдү бекитүү кыргызстандык ишкерлердин кызыкчылыктарын чет өлкөлөрдө илгерилетүүгө, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга жана эл аралык бизнес-байланыштарды чыңдоого багытталган.