Бишкек, 07.04.2026. /Кабар/. 2025-жылы мамлекеттик жана муниципалдык объекттерди текшерүү учурунда 1 246 мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин комитетинде Башкы прокуратуранын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетунда билдирди.
Анын маалыматына караганда, бул фактылар боюнча 690 прокурордук акт түзүлүп, натыйжасында 51 кылмыш иши козголуп, сотко 180 доо арыз берилген. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 282 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Мамлекеттин пайдасына 23 млрд 673 млн сомдук зыян калыбына келтирилген. Негизги көңүл социалдык маанидеги объекттердин мыйзамсыз менчиктештирилишине багытталган.
"Маалыматтар көрсөткөндөй, 2023-жылга чейин прокуратура органдары 11 жыл ичинде 143 социалдык объектти жалпы суммасы 1 млрд 170 млн сомго мамлекеттик баланска кайтарган. Соңку эки жылда бул көрсөткүч 115 объектти түзүп, суммасы 5 млрд сомдон ашты. Азыркы учурда соттордо дагы 93 объект боюнча иштер каралууда", — деди ал.
Ошондой эле мамлекеттин менчигине 72 социалдык инфраструктура объектиси жер тилкелери менен бирге кайтарылган. Анын ичинде: 15 бала бакча, 14 мектеп, 15 оорукана, 7 маданий борбор, 4 спорт комплекси жана 17 башка объект бар. Алардын жалпы аянты 36 209 чарчы метрди түзөт.