Соцконтракт: Быйыл 13 миң үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилет

Коом Загрузка... 12 Март 2026 11:21
WhatsApp Image 2026-03-12 at 10.14.24.jpeg
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. 11-мартка карата республика боюнча “Социалдык контракт” программасы менен каражат алууга 1 825 арыз түштү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда 607 үй-бүлө менен келишим түзүлүп, анын ичинен 341 долбоор айыл чарба багытында ишке ашууда.

“Бүгүнкү күндө арыздарды кабыл алуу уланууда. Быйыл республика боюнча 13 333 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө социалдык контракттын алкагында 150 миң сомдон ала алышат”, — деп айтылат маалыматта.

Аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүүгө багытталган “Социалдык контракт” программасы президенттин демилгеси менен 2022-жылдан бери ишке ашырылууда. Төрт жылда долбоордун алкагында 48 557 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлүп, бизнес-долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын 73,3 пайызы айыл чарба, 13,8 пайызы өндүрүш, 6,7 пайызы соода-сатык жана 6,2 пайызы кызмат көрсөтүү тармактарында иш алып барышууда.

Буга чейин социалдык контракттын өлчөмү 100 миң сомду түзсө, 2025-жылдан тартып 150 миң сомду түздү. Социалдык контрактты алгачкылардан болуп алган үй-бүлөлөрдүн ичинен 14 үй-бүлөнүн жылдык кирешеси 1 млн сомдон ашты.