Бишкек, 04.12.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан бери ишке ашып жаткан “Социалдык контракт” программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн турмушун жакшыртууга жана өз алдынча киреше табуу мүмкүнчүлүгүн түзүүгө багытталган.
Программа ишке киргенден бери жүздөгөн адамдар ар кандай ишкерликти баштап, материалдык абалын жакшыртууга, үй-бүлөсүн камсыздоого жетишүүдө. Айрыкча бул демилгеге аялдар кеңири катышып келет.
Алардын катарында Кочкор районунун Чолпон айылынын тургуну, жалгыз бой эне Айгүл Саткеева да бар. Ал “Социалдык контракт” программасына катышып, аз убакыттын ичинде жакшы кирешеге чыга алган. 2023-жылы Айгүл Саткеева “Социалдык келишим” долбооруна катышып, мамлекеттен 100 миң сом өлчөмүндө каржылык колдоо алган. Бул каражатка керектүү шаймандарды сатып алып, иши кыйла жеңилдеп, киреше булагы да көбөйгөн. Учурда айыл жергесинде Айгүл айымдын кызматтарына суроо-талап көп. Куруучу айым ар кандай курулуш иштерин жасай алат. Жергиликтүүлөр аны чебер уста катары таанышат. Эки баласын жалгыз багып жаткан эне буга чейин ар кандай оор жумуштарды аркалап келген. Кочкор, Токмок жана Ат-Башынын базарларында бодо мал сатып да эмгектенген.
“Муну мен кудайымдын берген таланты деп эсептейм. Бул иштерди атайын үйрөнгөн эмесмин, өзүм эле элдин жасаганын карап, жасап кеттим. Кыйынчылык деле болгон жок. Бирок, талантымдын өңүгүшүнө себепчи болгон киши - атам. Ыраматылык атам жакшы киши болчу. Эшиктеги, талаадагы жумуштарга дайыма мени жиберип жүрүп эле үйрөтүп койгон. 2005-жылы үйдөгү ремонт иштерин жасап үйрөнө баштаган элем. 20 жылдай убакыт болуп калыптыр. Ал эми кара жумуштарга 8-класстан баштап аралаша баштагам. Шыпты шыбап, гипс менен иштегенди 9-класстан бери жасап келем. Буйрутма алып жатканда каршы чыккандар болгон. Боюм кичинекей болгондуктан, биринчи көргөндө эле “ушунун колунан эмне келет?” деп шек санап, жаман сөз уккан күндөрүм да болгон. “Бул 100 пайыз иштей албайт, мага эркек киши керек” деп кууп жибергендер да кездешкен. Кээде иштетип коюп, акчасын бербей койгон учурлар да болгон. Мындай жагдайлар негизинен аял кишилер менен болот. Эркектер андай мамиле жасашпайт. Анткени алар курулуш иштеринин түйшүгүн, оордугун жакшы түшүнүшөт”,-дейт ал.
Өз өлкөсүндө жакшы киреше таба албай, Түркияга, Казакстанга, Россияга чейин жумуш издеп барып, турмуштун оор учурларын башынан өткөргөн Айгүл Саткеева буларды да кошумчалады.
“Айрыкча Россияда иштөө кыйын болду. Бирок, канчалык кыйынчылык болбосун, кыздарымды эч нерседен кем кылбайм. Эки кызымды сурагандарынын баары менен камсыз кылам. Алардан артканын анан өзүмө колдонуп калам”,-дейт ал.
Ал курулуштан тышкары сантехника жана электр жумуштарын да өздөштүрүп алган.
“Светти өзүм эле монтаждайм. Өтө кесипкөй электрик эмесмин, айрым учурларда иштерди толук жасай албай калам. Мындайда тааныш электриктерди жардамга чакырам. Алар келип көрсөтүп, түшүндүрүп беришет. Жумуштан чарчабайм. Тескерисинче, көчөдө жөн эле жүрүп убакыт өткөргөндөн чарчайм. Кичинекей кызымды көргөндө бардык чарчоом унутулат”,- деп кошумчалады Айгүл айым.
Учурда жалгыз бой эненин бир гана тилеги бар. Жер маселеси чечилип, өз үйүн куруп алууну кыялданат.