ШКУ саммити – 2026: Кыргызстандын транзиттик көз карандысыздыгы жана океанга жол

ШКУ Загрузка... 09 Июль 2026 18:10
WhatsApp Image 2026-07-09 at 17.50.00.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда өтө турган ШКУнун кезектеги саммитинин алдында аймактын транспорттук картасы жаңыланууда. Бул эл аралык платформа өлкө үчүн жөн гана дипломатиялык иш-чара эмес, ал эң оболу ири геоэкономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачып, транспорттук долбоорлорго саясий кепилдик алууга жана "туюк өлкө" статусунан чыгууга шарт түзөт. Кыргызстан географиялык жактан Евразия континентинин борборунда жайгашып, эл аралык транспорттук-логистикалык байланыштарды калыптандырууда жана өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Чыгыш – Батыш багыты, ошондой эле Борбор Азиядагы аймактык маршруттар алкагында өлкөнүн өзгөчө орду бар. Деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу кургактагы транспорттук коридорлордун маанисин арттыргандыктан, Бишкек саммити өлкөнүн транзиттик амбицияларын коргоочу башкы аянтчага айланмакчы. Учурда өлкөнүн аймагы аркылуу Кытайды, Борбордук Азия мамлекеттерин, Россияны, Түштүк Кавказ өлкөлөрүн, Түркияны, Европа биримдигин байланыштырган маршруттар калыптанып, өнүгүүдө. Ошондой эле бул багыттар Жакынкы Чыгыштын, Түштүк Азиянын жана дүйнөнүн башка аймактарынын рыноктору менен байланышты камсыз кылып, ШКУ алкагындагы интеграцияны жана өлкөнүн инвестициялык климатын таптакыр жаңы деңгээлге көтөрөт.

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу учурдагы эң маанилүү долбоорлордун бири. Ал Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга чыгып, андан ары Европага жеткен жаңы кургактык коридорун түзөт. Президент Садыр Жапаров "Президент" документалдык тасмасында белгилегендей, бул жол курулуп бүтсө, Кытай менен Европанын ортосунда эң кыска жол биздики болот.

437434
"Биз азыр туюк өлкөдө жашайбыз. Дүйнөгө чыгыш үчүн биздин унаа жолубуз да, темир жолубуз да Казакстан, Россия аркылуу өтөт. Биз океанга чыга албайбыз, ошондуктан темир жол менен чыгыш керек болуп, бул жолду баштадык. Анткени, биз Кытай менен Европанын ортосунда деңизге эле чыкпастан, Кытай менен Европанын ортосунда эң кыска жол биздики болот. Миң чакырымга кыскарып, товарлар 10 күн эрте жетип турат", - деди Жапаров.

Чыгыш менен Батышты байланыштыра турган бул темир жол Кытайдын Кашкарынан Торугартка, андан Тогуз-Торо аркылуу Манас шаарына өтүп, ары көздөй Өзбекстанга кирип кетет. Темир жолдун жалпы узундугу 532 чакырымдан көбүрөк болуп, 304 чакырымдан ашыгы Кыргызстандын аймагын аралайт. Расмий маалымат боюнча, темир жолду курууда долбоордун жалпы наркы 4,7 млрд АКШ долларын түзөт. Кыргызстандын аймагында учурда курулуш иштери активдүү жүрүп, долбоорду 2030-жылга чейин аяктоо пландалган.

Саясат талдоочу Айболот Айдосов Кытай учурда адамга керектүү дээрлик бардык товарларды жана продукцияларды өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берген эң чоң инфраструктурага ээ дүйнөдөгү экенчи ири экономика экендигин "Кабар" агенттигине билдирди.

WhatsApp Image 2026-07-09 at 17.50.00 (1)

Анын айтымында, Кыргызстан бул мамлекет менен жалпы чек арага ээ болгондуктан, ушул мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу пайдаланууга умтулууда.

"Артыкчылыктуу багыттардын бири логистикалык жолдорду түзүү болуп саналат. Бул жолдор өлкөлөрдүн өз ара соодасы үчүн гана эмес, ошондой эле товарларды кайра экспорттоо үчүн хаб катары колдонууга шарт түзүшү керек. Негизги транспорттук коридорлор Нарын жана Ош облустарында жайгашкан. Дал ушул аймактар аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык ишке ашууда.
Бүгүнкү күндө дүйнө коомчулугунун көңүлү Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна бурулууда. Геосаясий кырдаалдын өзгөрүшү Кытайды бул долбоорду активдүү өнүктүрүүгө түрткү берсе, ал эми аймактагы өлкөр да туруктуулукка жетишип, бул процесске активдүү кошулушууда. Негизгиси Кыргызстан өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын бекем сактап, темир жол курулуп бүткөндөн кийин мындан аркы иштешине таасир бере турган бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу керек", - деди ал.

Айдосов өз сөзүндө белгилегендей, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кытай менен сооданын өсүү темпи боюнча алдыңкы орунга чыккан. Эгерде 2025-жылы аймак менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү болжол менен 90 млрд долларды түзсө, быйыл бул көрсөткүч 100 млрд доллардан ашышы мүмкүн.

WhatsApp Image 2026-07-09 at 17.52.12

Автомобиль жана чек ара коридорлору

Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган өткөрүү пункттары "Торугарт", "Эркечтам" жана "Бедел". Ысык-Көл облусунун аймагындагы "Бедел" өткөрмө бекети 2024-жылы жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ачылган. Учурда кошумча курулуш, реконструкциялоо иштери жүрүп жаткандыктан, долбоордун алкагында эл аралык стандарттарга жооп берген машина жол, бажы жана чек ара инфраструктурасын түзүү 2027-жылдын аягына чейин ишке ашырылаарын Бажы кызматынан билдиришти. Маалымдалгандай, мында "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттарынын жүктөмү жеңилдейт. "Бедел" алардын жүгүн бөлүштүргөн жаңы маршрут болмокчу.

WhatsApp Image 2026-07-09 at 17.52.13

"Бедел" өткөрмө пунктунун ишинде Кыргызстанда стратегиялык мааниге ээ Барскоон – Бедел унаа жолунун курулушу маанилүү роль ойнойт. Узундугу 161 чакырымды түзгөн бул жолдун учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Долбоордун негизги жолун 2030-жылы пайдаланууга берүү пландалган.

Экономист Эркин Абдразаков "Бедел" өткөрмө пункту аркылуу бир гана транспорттук-логистикага уруксат берип, транспорттук коридор катары гана колдонуу керек экендигин "Кабар" агенттигине билдирди.

WhatsApp Image 2026-07-09 at 17.49.59
"Бедел" өткөрмө бекети союз мезгилинен тартып эле чоң мааниге ээ болгон. Союз таркагандан кийин бул жер кароосуз калган. Учурда Кыргызстан менен Кытай тарап биргеликте бул өткөрмө бекетте транспорттук коридор түзүп жатышкандыгы бекеринен эмес. Биринчиден өнөр жай товарларын алып өтүүгө, экинчиден "жашыл" коридор механизмдери аркылуу эки тараптуу товар, жүк ташууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мында Кыргызстан аркылуу Борбордук Азия, Евразия экономикалык шериктештигине кирген өлкөлөргө товар алып өтүүгө шарт түзүлөт. Бирок, мында фабрика, заводдорду курдуруунун кажети жок, бир гана транспорттук-логистикага уруксат берип, транспорттук коридор катары гана колдонушубуз керек", - деди Абдразаков.

Кыргызстан–Кытай–Пакистан коридору

Андан тышкары, Кыргызстан – Кытай – Пакистан багыты боюнча жаңы пилоттук транспорттук каттамды белгилебей кетүүгө болбойт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдагандай, каттам Бишкектен башталып, Торугарт – Кашкар – Хунджераб – Исламабад – Карачи деңиз портуна чейин аткарылып, жалпы узундугу 3 300 чакырымды түзөт. Бул жаңы каттам Кыргызстан үчүн эл аралык логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, тышкы соода жүгүртүүнү жандандырууга жана деңиз портторуна чыгууну камсыздоого өбөлгө түзгөн стратегиялык маанилүү кадам болуп саналат.

Жыйынтыктап айтсак, Кыргызстан – Кытай транспорттук коридорлору өлкө үчүн гана эмес, бүткүл Борбор Азия үчүн стратегиялык мааниге ээ. Темир жолдор, автоунаа жолдору жана жаңы эл аралык маршруттар аймакты дүйнөлүк логистикалык тармакка активдүү кошууда. Эгер бул долбоорлор толук ишке ашса, Кыргызстан келечекте Евразиядагы маанилүү транзиттик хабга айланып, экономикалык өсүштүн жаңы деңгээлине чыгышы күтүлүүдө.