Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Коом Загрузка... 23 Апрель 2026 11:05
News_259983444216714737279069660276346520287.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жана кар көчкү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 23-24-апрель күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Ошондой эле 25-апрелге чейин жаан-чачындын көптүгүнө жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу төмөнкү унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт:

  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу).

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Буга байланыштуу унаалардын ортосунда 500 метрлик аралыкты сактоо талап кылынат.