Шарп ылаңына каршы күрөш. Россиядан жакында 1 млн доза вакцина келет

Коом Загрузка... 03 Апрель 2026 15:15
NazarNews_87092535599509519847847116814852028690.png
copyright icon WWW

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Россиядан жакында шарп ылаңына каршы 1 млн доза вакцина келет.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жетектеген делегациянын Россиянын Владимир шаарындагы Ветеринария жана фитосанитария боюнча федералдык кызматына караштуу Жаныбарларды коргоо боюнча бүткүл россиялык илимий-изилдөө институтуна болгон сапарында белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы менен Россиянын Жаныбарларды коргоо боюнча бүткүл россиялык илимий-изилдөө институту шарп ылаңына каршы 1 млн доза вакцина алып келүү боюнча келишим түзгөн.

Мындан тышкары, 2026-жылдын жай мезгилинин аягына чейин айыл чарба жаныбарларын масштабдуу эмдөө үчүн кошумча 3,5 млн доза алып келүү пландалууда.