Бишкек, 06.05.26. /Кабар/. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын бир катар райондорунда катуу жаан-чачындан улам келип чыккан селдин кесепеттерине байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык жана медициналык иштер күчөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабыркаган райондордо медициналык кызматтар күчөтүлгөн режимде иш алып барууда. Учурда үймө-үй кыдыруулар уюштурулуп, көчмө бригадалар тартылды. Ошондой эле ичүүчү суунун сапатына көзөмөл жүргүзүлүп, жугуштуу оорулардын алдын алуу иштери жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз байланышта ишке ашырылууда.
Баткен облусунда кооптуу аймактардан 35 үй-бүлө эвакуацияланып, алар толук медициналык коштоого алынды. Жалпысынан медициналык жардам алуу үчүн 37 адам кайрылган, алардын бардыгына тийиштүү жардам көрсөтүлдү. Министрлик учурда оор учурлар катталбаганын маалымдайт.
Сел жүргөн аймактарда ондогон миң чарчы метр аянтта, анын ичинде турак үйлөрдө, короо-жайларда жана санитардык объекттерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул максатта хлор камтыган каражаттар колдонулуп, атайын эпидемиологиялык бригадалар иштеп жатат.
Параллелдүү түрдө адистер ичүүчү суудан жана топурактан үлгүлөрдү алып, лабораториялык мониторинг жүргүзүүдө. Жергиликтүү бийликке ичеги-карын инфекцияларынын алдын алуу боюнча тийиштүү санитардык көрсөтмөлөр берилди.
”Бүгүнкү күнгө карата жабыркаган райондордо жугуштуу оорулардын жайылышы катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу жана көзөмөлдө”, - деп айтылат маалыматта.
Региондордо дары-дармектердин, медициналык буюмдардын жана дезинфекциялоочу каражаттардын жетиштүү запасы түзүлгөн. Зарыл болгон учурда ооруканаларда кошумча керебеттерди жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү каралган. Калк арасында гигиеналык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жигердүү улантылууда.