Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. "Сауд Аравиясындагы абал салыштырмалуу туруктуу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иш алып барып жатабыз", — деди Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов.
Анын айтымында, окуя башталгандан тарта өлкө башчысы Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан атайын тапшырмалар берилген.
"Учурда Сауд Аравиясындагы ар бир жараныбыз менен ыкчам тартипте иш алып баруудабыз. Бул жакта билим алып жаткан студенттер жана зыяратчылар менен туруктуу байланыштабыз. Умрачылар үчүн атайын штаб түзүлүп, Муфтият, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана зыяратчыларды ташуучу компаниялар менен биргеликте тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө", — деди элчи.
Мындан тышкары, ал Бахрейндеги Кыргызстандын 35 жараны элчиликке кайрылганын белгиледи.
"Алар менен дагы туруктуу байланышта болуп жатабыз. Абал курчуп кетсе, алар боюнча дагы тиешелүү чараларды көрөбүз. Коңшу өлкөлөрдө бир топ аэропорттор жабылды. Ал эми Сауд Аравиясында аэропорттор салыштырмалуу туруктуу иштеп жатат. Ички каттамдарда көйгөй жок, бирок эл аралык багыттарга жергиликтүү компаниялар гана учуп жатат. Ал эми чет элдик бир топ авиакомпаниялардын каттамдары кыскартылды", — деп кошумчалады ал.