Бишкек, 04.03.26 /Кабар/. Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 4-мартта,мамлекеттик кызматкерлерге "Автоматташтырылган системалардын маалыматтык коопсуздугу" багыты боюнча квалификациясын жогорулатуу тууралуу күбөлүктөрдү тапшырды.
Окутуу Жамааттык коопсуздук келишими жөнүндө уюмуна мүчө-мамлекеттердин адистерин Россиянын Улуттук ядролук изилдөө университетинин («МИФИ») базасында даярдоо алкагында өттү.
Адилет Орозбеков өз сөзүндө санариптик чөйрө мамлекеттин бардык тармактарына – экономикадан жана транспорттон баштап билим берүүгө, саламаттык сактоого, ошондой эле коргоо жана коопсуздук маселелерине чейин тыгыз киргизилгенин, бул жаңы мүмкүнчүлүктөр менен гана эмес, күнүмдүк жаңы чакырыктар менен да байланыштуу экенин белгиледи.
Муну эске алуу менен, ЖККУ системасында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга жамааттык негизде коргоо механизмдерин өнүктүрүү аркылуу артыкчылыктуу көңүл бурулат.
Буга байланыштуу, Уюмда улуттук жана союздаштык кызыкчылыктарга зыян келтирүүчү маалыматтын таркатылышына каршы багытталган «ПРОКСИ» операциясынын алкагында ыкчам-алдын алуу иш-чараларынын цикли ишке ашырылууда. Анын ичинде электрондук алдамчылык, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, финансылык каражаттарды адалдоо, мыйзамсыз миграция, адамдарды жана курал-жарактарды сатуу, ошондой эле зыяндуу программаларды жана порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти таратуу менен байланышкан кылмыштар бар.
Мындан тышкары, Кыргызстанда 2025-жылдын май айында ЖККУнун киберкоопсуздук боюнча биринчи эл аралык конференциясы уюштурулуп, анын материалдары Уюмдун мындан аркы ишиндеги так артыкчылыктарды аныктоого мүмкүндүк берди.
Жыйынтыктап айтканда, Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков министрликтердин жана ведомстволордун адистерине жетишкен ийгиликтер менен токтоп калбастан, алдыга чоң максаттарды коюп, Кыргызстандын жана анын элинин гүлдөп өсүшү үчүн өз кесиптик чеберчилигин тынымсыз өркүндөтүп турууну каалады.