Саламаттык сактоо министрлиги дарыканаларды жабуу тууралуу билдирүүлөрдү четке какты

Коом Загрузка... 24 Ноябрь 2025 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги дарыканаларды жабуу тууралуу билдирүүлөрдү четке какты.

Ведомствонун маалыматына караганда, бир катар басылмаларда саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин айткандары туура эмес чечмеленген.

Белгиленгендей, маекте дарыканаларды жабуу жөнүндө сөз болгон эмес. Анда изилдөөлөр жана эл аралык практика тастыктаган олуттуу маселе талкууланган: жарандардын дары-дармекке байланыштуу чыгымдарынын жогору болушу, өз алдынча дарылануунун кеңири жайылышы жана антибиотиктерди дарыгердин кеңешисиз эле эркин колдонуу.

Маекте министр дары-дармек жүгүртүүнү жөнгө салуунун заманбап ыкмаларын иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген.

"Аларга рецептуралык берүү, дары-дармектин сапатын көзөмөлдөө, агрессивдүү жарнаманы чектөө жана негизсиз дары колдонууга жол бербеген шарттарды түзүү кирет. Мындай чаралар дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө колдонулуп, калктын саламаттыгын коргоого жана саламаттык сактоо үчүн глобалдык коркунучтардын бири катары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан таанылган антибиотикке туруктуулуктун өсүшүн алдын алууга багытталган.

Бул тармактагы мүмкүн болгон бардык өзгөртүүлөр этап-этабы жана кылдат талдоо менен, адистердин, фармацевтикалык коомчулуктун, бизнес өкүлдөрүнүн жана жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен кабыл алынат. Сунушталып жаткан чаралар керектүү дары-дармекке жетүүнү чектөөгө эмес, дары-дармек рыногунда тартип орнотууга жана бейтаптардын коопсуздугун жогорулатууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлиги кесиптик коомчулук, фармацевтикалык сектор жана коомчулук менен ачык диалогду улантып, дары-дармекке жеткиликтүүлүк, жарандардын коопсуздугу жана медикаменттерди рационалдуу колдонуу боюнча эл аралык стандартдардын ортосундагы тең салмакты камсыз кылуу үчүн иш алып барат.

Белгилей кетсек, буга чейин саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев "Кабар" маалымат агенттигинин "Кабар подкаст" берүүсүнө маек берип, кыргызстандыктар дарыга абдан көп каражат короторун, дарыканалардын санын азайтыш керектигин айткан.