Бишкек, 22.11.2025 /Кабар/. Кыргызстандыктар дарыга абдан көп каражат коротот, дарыканалардын санын азайтыш керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар” маалымат агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, 10 жыл мурун жүргүзүлгөн изилдөөдө мамлекет саламаттык сактоого канча каражат бөлсө, жарандар дагы ошончо көлөмдө каражатты дарыга коротушаары аныкталган.
“Бул тенденция бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Тилекке каршы, кыргызстандыктар өтө көп дары колдонушат. Себеби, биз дары менен камсыздоону толугу менен жеке рынокко берип койгонбуз. Ал эми жеке сектордун максаты – киреше табуу. Канчалык көп аптека болсо, ошончолук көп сатуу болот. Демек, бейтаптар ошончо көп дары ичишет. Муну токтотушубуз керек. Дарыканалардын санын кыскартып, дары-дармекти жарнамалоого тыюу салышыбыз зарыл. Кантип тамеки жана спирт ичимдиктерин жарнамалоого тыюу салсак, дал ошондой эле чараны дарыларга да колдонушубуз керек”,- деп белгиледи министр.
Чечейбаев белгилегендей, азыр бейтаптар сыналгыдан дарынын жарнамасын көрүп алып эле, дарыгерге кайрылбастан сатып алышууда. Мындай ыкма туура эмес жана кооптуу.
“Диагноз коюп, дарыны жазып берүү укугу дарыгерге гана таандык болушу керек. Жарнаманын таасиринен улам жарандар өз алдынча туура эмес дары колдонуп, ден соолугуна олуттуу зыян келтирүүдө.
Мисалы, көпчүлүк учурда адамдар антибиотикти да дарыгердин кеңешисиз колдонушат. Чет өлкөлөрдө болсо, антибиотикти жөн эле жазып беришпейт. Алгач бейтапка “Бир жума суу ичип байкап көр” деп кеңеш беришет. Себеби, антибиотик организмге өтө күчтүү жана зарыл учур болбосо, кооптуу таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан мындай дарыларды өз алдынча колдонуу туура эмес, дарыгердин көзөмөлүндө гана колдонуу зарыл.
Азыр мына сасык тумоо күчөп жатат. Сасык тумоодо да антибиотик ичүү туура эмес”, - деди ал.