Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгынын үч негизги багытын атады. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өтүп жаткан ТМУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, биринчи багыт – дары-дармек менен камсыздоо. Дары-дармектерди биргелешип сатып алуу алардын баасын төмөндөтүп, сапаттуу препараттарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
"Кыргызстан бул багытта Казакстан менен иштеп жатат. "Кыргызфармация" жакшы жыйынтыктарга жетишти. Азырынча 17ге жакын дары-дармек позициясы аныкталды. Аларды биргелешип сатып алуу чыгымдарды кыйла азайтууга мүмкүндүк берет", – деди министр.
Экинчи багыт катары медициналык кадрларды даярдоону белгиледи. Осмоновдун айтымында, ТМУ өлкөлөрүндө медициналык кадрлардын жетишсиздиги бар. Бул көйгөйдү чечүү үчүн биргелешкен окутууну уюштуруу, ошондой эле чет өлкөлөрдө интернатура, ординатура жана магистратурадан өтүүгө мүмкүнчүлүк берген платформа түзүү сунушталууда.
Мындан тышкары, Казакстан бардык жогорку окуу жайлар жана окутуучулар тууралуу маалымат камтылган бирдиктүү санариптик системаны түзүүнү сунуштаган.
Үчүнчү багыт – жасалма интеллект жана саламаттык сактоону санариптештирүү. Министрдин айтымында, оорулардын бардык түрлөрү боюнча регистрлерди түзүү жана ТМУ өлкөлөрүнүн ортосунда бирдиктүү электрондук платформаны ишке киргизүү зарыл. Бул бейтаптарды бир өлкөдөн экинчисине дарыланууга жөнөткөн учурда электрондук медициналык маалыматтарды алмашууга шарт түзөт.
Мындай система аркылуу бейтап алдын ала кайсы медициналык мекемеге жөнөтүлүп жатканын, анын аккредитациядан өткөн-өтпөгөнүн жана мамлекеттик текшерүүдөн өткөнүн биле алат. Ал эми бейтап чет өлкөдөн кайтып келгенде, дарыгер анын кандай дарылануудан жана диагностикадан өткөнү тууралуу маалымат ала алат.
"Бул үч багыт бардык министрлер менен макулдашылды. Кечээ жумушчу топ маанилүү багыттардын баарын бекитти. Эми ушул багыттар боюнча иш алып барабыз", – деп жыйынтыктады Дамир Осмонов.