Ош мэри Төлөйкөндө элдин көйгөйлөрүн укту

Аймак

Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 13.11.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолукту.

Мэриядан билдиришкендей, анда калктын жашоо шартын жакшыртуу, аймакты өнүктүрүү жана инфраструктураны жаңылоо маселелери талкууланды.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар тарабынан жашылдандыруу, бала бакча, ФАП жана балдар аянтчаларын куруу, жер мунапысы, жайыт жерлери, инклюзивдүү окутуу, жеке ишкердикти колдоо, жолдордун абалы, жол чырактарын орнотуу, газдаштыруу, ирригация жана турак жай маселелери көтөрүлдү.

Шаар башчысы аймакты өнүктүрүү жана инфраструктураны жакшыртуу иштери үзгүлтүксүз улантыларын билдирди. Айрым кайрылуулар жеринде чечилип, калган маселелер боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине так тапшырмалар берилди.

Мэр ар бир кайрылуу өзүнүн жеке көзөмөлүндө болорун жана жоопкерчиликтүү түрдө катуу талап коюларын эскертти.