Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Элдик курултайларда саламаттык сактоо тармагына берилген 250 тапшырманын 188и аткарылды же аткаруу баскычында турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын III кварталынын жыйынтыгы боюнча 101 тапшырма толук аткарылып, 87си боюнча иштер уланууда. Бул жалпы тапшырмалардын 75,2%ын түзөт.
Аткарылган иштердин алкагында аймактарда жогорку технологиялуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү кеңейтилип, катетеризациялык лабораториялар ачылды. Ошондой эле облустук жана райондук ооруканалар компьютердик томографтар менен камсыздалууда.
Мындан тышкары, быйыл медициналык мекемелерге 130га жакын тез жардам унаасы жеткирилди. Ал эми 2021-2025-жылдары 478 унаа сатып алынган.
Учурда медициналык мекемелерди куруу, жабдууларын жаңылоо жана аймактарга медициналык кадрларды тартуу иштери уланууда.