Бишкектин 15 делегаты Элдик курултайда көйгөйлөрдү көтөрөт

Элдик курултай
Бишкектин 15 делегаты Элдик курултайда көйгөйлөрдү көтөрөт
copyright icon WWW

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарынан V Элдик курултайга катышуу үчүн 72 делегат шайланды.

Мэриядан билдиришкендей, алардын ичинен 15 өкүл курултайда борбор калаанын тургундарынын көйгөйлөрүн жана сунуштарын ортого салат.

Бүгүн "Тунгуч" театрында делегаттар менен жолугушуу өтүп, анда алдыдагы курултайдын күн тартиби, уюштуруу маселелери жана катышуу тартиби түшүндүрүлдү.

Ошондой эле добуш берүү аркылуу Элдик курултайдын Улуттук кеңешине эки талапкер көрсөтүлүп, Эсептөө комиссиясына бир өкүл аныкталды.

Белгилей кетсек, V Элдик курултай 18-19-декабрда Бишкек шаарында өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан шайланган делегаттар катышат.