Депутат коомдук дааратканаларды курууга чакырды

Коом
Депутат коомдук дааратканаларды курууга чакырды
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу Бишкек шаарындагы коомдук дааратканалардын жетишсиздигин чечип, 2027-жылдын бюджетине жаңы объекттерди курууга каражат бөлүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, 2GIS маалыматы боюнча, 2025-жылы Бишкекте 156 гана коомдук даараткана катталган. Алардын көбү иштебейт, ал эми иштеп жаткандары түнкүсүн жабык болот.

Ал коомдук жайларда адамдардын көчөгө дааратканага барууга аргасыз болуп жаткан учурлары катталганын белгилеп, муну жарандардын маданиятына эмес, шаардык инфраструктуранын жетишсиздигине байланыштырды.

Ошондой эле буга чейин мэрия 26 коомдук даараткана куруу жана бул үчүн 16 жер тилкесин бөлүү пландалып жатканын билдиргенин эске салып, иштердин жүрүшү тууралуу расмий маалымат берүүнү өтүндү.

Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев коомдук транспорт аялдамаларынын жеткиликтүүлүгү маселесин да көтөрдү. Анын айтымында, аялдамалар шаар тургундарын кышында сууктан, жайында ысыктан коргоп, транспорт күтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүшү керек. Бирок айрым аялдамалар соода түйүндөрүнө айланып, жарандар ичине кире албай жатышат.

Төрага бул маселени парламенттин тармактык комитетинде кошумча кароону сунуштады.