Чым-Коргондо оорукананын саркынды суусу арыкка куюлганы аныкталды

Аймак 1 октябрь 2026 10:30
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Кемин районундагы Чым-Коргон психиатриялык ооруканасында канализация системасынан саркынды суулар арыкка төгүлүп жаткандыгы аныкталды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, текшерүү учурунда саркынды суулардан лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынды. Анын жыйынтыгына жараша тиешелүү баа берилет.

Аныкталган факты боюнча мекемеге 28 миң сом айып пул салынды.

Оорукананын маалыматына караганда, көйгөй саркынды сууларды сордуруп чыгарган фекалдык насостор менен компрессордун иштен чыгышынан улам болгон. Насостор эки жумага жакын иштеген эмес.

Учурда жабдууларды калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Компрессор сатып алуу боюнча тендер жарыяланып, көйгөйдү чечүүнүн башка жолдору да каралууда.