Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда Түштүк аймактык илимий кардиологиялык комплексин курууга 1 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун эли жана активи менен жолугушканда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, облустук клиникалык оорукананын жаңы корпусун курууга 590 млн сом багытталган.
Ошондой эле Каныш-Кыя айылында Жалпы дарыгерлик практика борборун жана төрөт бөлүмүн, Ала-Букада Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун имаратын курууга каражат каралган.