Садыр Жапаров 3 сааттан ашык баткендиктердин көйгөйлөрүн укту

Президент 11 октябрь 2026 20:39
IMG_3034.jpeg
IMG_3030.jpeg
IMG_3031.jpeg
IMG_3027.jpeg
IMG_3024.jpeg
IMG_3026.jpeg
IMG_3025.jpeg
IMG_3023.jpeg
IMG_3022.jpeg
IMG_3021.jpeg
IMG_3018.jpeg
IMG_3019.jpeg
IMG_3020.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3034.jpeg
IMG_3030.jpeg
IMG_3031.jpeg
IMG_3027.jpeg
IMG_3024.jpeg
IMG_3026.jpeg
IMG_3025.jpeg
IMG_3023.jpeg
IMG_3022.jpeg
IMG_3021.jpeg
IMG_3018.jpeg
IMG_3019.jpeg
IMG_3020.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, анда Баткен районунун жана Баткен шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, инфраструктураны жаңылоо, жаңы ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык мекемелерди, спорт объектилерин куруу жана ачуу, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу маселелери көтөрүлдү.

Иш-чара үч сааттан ашык убакытка созулуп, анда район тургундары жеке маселелерин айтып, Мамлекет башчысынан сот жана укук коргоо органдарынын ишинде адилеттүүлүктү камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурууну өтүнүштү.

Мындан тышкары, калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, жарандарды пенсиялык камсыздоо, көчүп келген жарандарга документтерди тариздөө процессин тездетүү, жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү жана башка бир катар актуалдуу маселелер айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга көтөрүлгөн маселелерди өз компетенцияларынын чегинде дыкат изилдеп чыгып, аларды чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.