Баткенде жергиликтүү продукцияларды иштеп чыгуу борбору ачылды

Коом 14 октябрь 2026 12:20
846159043_1648403106653138_4217873678274317279_n.jpg
845962374_1648403129986469_8168452543939534209_n.jpg
846322209_1648403019986480_9166385890205953096_n.jpg
846450663_1648403236653125_976090221063770639_n.jpg
846505550_1648403119986470_3935201116045318975_n.jpg
846810040_1648403206653128_1556466746741719097_n.jpg
846966151_1648403093319806_6007449059051138745_n.jpg
847594110_1648403013319814_804569817663720145_n.jpg
848188617_1648403066653142_1718877890387937437_n.jpg
848440506_1648403163319799_247135121586674625_n.jpg
848893871_1648403076653141_5888953149696920052_n.jpg
849414386_1648403266653122_3063179450028115607_n.jpg
849738115_1648403249986457_8318892940568588991_n.jpg
850099569_1648403189986463_6966033382116354082_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Баткенде "Бир айыл – бир продукт" долбоорунун алкагында продукцияларды иштеп чыгуу жана окутуу борбору ачылды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, борбор Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Баткен аймактык көп тармактуу институтунун базасында түзүлдү.

Борбор жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү окутууга, продукциянын сапатын жакшыртууга жана жаңы товарларды иштеп чыгууга багытталган. Ага зарыл жабдуулар БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен берилди.

Демилге жергиликтүү ишкерлердин өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды чыгарууга көмөктөшөт.