Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде "Курултай" маалыматтык системасынын программалык камсыздоосу тааныштырылды.
Ведомствонун маалыматына караганда, Элдик курултайдын делегаттарынын кайрылууларын жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөчү
Министрликтин маалыматына ылайык, система III жана IV Элдик курултайдын делегаттары тарабынан көтөрүлгөн маселелердин аткарылышын көзөмөлдөө, ошондой эле V Элдик Курултайдын делегаттарын кабыл алууну уюштуруу максатында иштелип чыккан.
Система делегаттардын кайрылууларын бирдиктүү реестрге каттоого, аларды аймактарга бөлүштүрүүгө, жооптуу органдардын тапшырмаларды аткаруу мөөнөттөрүн көзөмөлдөөгө жана жетекчилик үчүн отчетторду даярдоого мүмкүндүк берет.
Анын негизги максаты — кайрылуулар боюнча иштердин ачыктыгын жана аткаруу тартибин жогорулатуу, мөөнөтү өтүп кеткен тапшырмаларды өз убагында аныктоо.