Ош облусунан V Элдик курултайга 130 делегат шайланды

Аймак
885923177_122230863686368081_3063693558314968008_n.jpg
882245888_1431041221936344_7074339052138626080_n.jpg
885721404_122230864412368081_689580053075812772_n.jpg
885923160_122230863698368081_5672395563394325146_n.jpg
885923182_122230864460368081_5383218587752495786_n.jpg
886166554_122230864052368081_2343556196813024239_n.jpg
886292677_122230864136368081_4918816973748086618_n.jpg
886705975_122230864262368081_4655021077567315496_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Ош облусунан 2026-жылдын 18-декабрында өтө турган V Элдик курултайга 130 делегат шайланды. Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Элдик курултайга шайланган делегаттардын жалпы жыйыны өтүп, ага 130 делегаттын 125и катышып, кворум бар деп табылды.

Жыйынды президенттин өкүлү Аманкан Кенжебаев ачып, делегаттарды куттуктады. Ал эл тарабынан жүктөлгөн жоопкерчилик чоң экенин белгилеп, делегаттар эл менен бийликтин ортосундагы байланышты бекемдейт деген ишенимин билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө ыйгарым укуктуу өкүлдүн жыл ичинде аткарган иши тууралуу маалыматы угулуп, Улуттук Кеңештин жана эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер сунушталды.

Белгиленгендей, Улуттук кеңештин мүчөлөрү ар бир райондон калктын санына жараша шайланды.