Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Ош облусундагы "Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркында канализация системасын куруу иштери аяктап калды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объектини 2026-жылдын ноябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.
Долбоордун алкагында саркынды сууларды тазалоочу негизги курулма салынып, канализация түтүктөрү орнотулду.
Учурда Мурдаш тарабында көлөмү 200 куб метр болгон кошумча тазалоочу курулманын курулушу жүрүп жатат.