Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Ош облусунун Араван районундагы Араван – Төө-Моюн автожолунун 10 километрин асфальттоого даярдоо үчүн жолду кеңейтүү жана тегиздөө иштери уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы узундугу 40 чакырымды түзгөн автожолдо 4 экскаватор, 15 автосамосвал, 2 каток, 2 суу ташуучу унаа жана 1 жүктөгүч тартылган. Ошондой эле 20дан ашуун кызматкер эмгектенүүдө.
Мындан тышкары, аймактагы башка автожолдордо да асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Буга чейин Уйгур-Абад – Лангар – Дөбө-Коргон автожолунун 9 чакырымына асфальт төшөө иштери аяктаган. Ошондой эле Партсъезд – Ленин автожолунун 4 чакырымына асфальт басылып бүтүп, колдонууга берилген.
Учурда Караван – Төө-Моюн автожолунун 7 чакырымына асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул менен бирге Ноокат – Араван – Төө-Коргон автожолунун жалпы 9 чакырымына эки катмар асфальт төшөө пландалып, бүгүнкү күнгө карата 6,5 чакырымы бүткөрүлдү. Калган тилкелерде жер жумуштары тынымсыз уланууда.
Белгилей кетсек, аталган автожолдорду асфальттоо иштерин №44 Жол тейлөө мекемеси аткарууда. Жүргүзүлүп жаткан иштер жолдордун абалын жакшыртууга, айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле аймактар арасындагы транспорттук байланышты өнүктүрүүгө багытталган.