V Элдик курултай: Бишкектен 72 делегат шайланат

Элдик курултай
850098370_4027660624043773_4392317099117602450_n (1).jpg
1792401839.jpeg
1792401827.jpeg
1792401807.jpeg
1792401773.jpeg
1792401757.jpeg
1792401749.jpeg
1792401724.jpeg
Алдыга
Артка
850098370_4027660624043773_4392317099117602450_n (1).jpg
1792401839.jpeg
1792401827.jpeg
1792401807.jpeg
1792401773.jpeg
1792401757.jpeg
1792401749.jpeg
1792401724.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 19.10.26 /Кабар/. 8-октябрдан 15-октябрга чейин борбор калаанын төрт районунда Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча тургундардын жыйындары өткөрүлдү.

Бишкек мэриядан билдиришкендей, шаардык жыйын 24-октябрда өтөт. Анын жүрүшүндө 18-декабрда өтө турган V Элдик курултайга катышуу үчүн Бишкек шаарынан 72 делегат шайланат.

Иш-чаралар президенттин "Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө" жарлыгына ылайык уюштурулду.

Борбор калаанын райондорунда өткөн жыйындардын жыйынтыгында жергиликтүү жамааттын 469 өкүлү шайланды.

Биринчи май районунда 8 жыйын өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 75 өкүл шайланды. Ленин районунда 9 жыйын өтүп, 129 өкүл тандалды. Свердлов районунда 10 жыйын өткөрүлүп, 134 өкүл шайланды. Октябрь районунда 7 жыйын өтүп, анын жыйынтыгында 131 өкүл шайланды.

Жыйындарга борбор калаанын райондорунун тургундары жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары катышты.