Балдар онкологиясы: Дары-дармектердин жеткиликтүүлүгү жогорулайт

Ден соолук
863186249_1658320339213184_1589580060485105225_n.jpg
862806775_1628120942371018_7294799388798857045_n.jpg
Алдыга
Артка
863186249_1658320339213184_1589580060485105225_n.jpg
862806775_1628120942371018_7294799388798857045_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Самарканд шаарында өткөн балдар онкологиясы боюнча эл аралык саммиттин алкагында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү "Roche" эл аралык фармацевтикалык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдө онкологиялык ооруга чалдыккан бейтаптар үчүн заманбап дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле балдар онкологиясы жана онкогематологиясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги негизги көңүл борборунда болду.

Тараптар инновациялык дарылоо ыкмаларынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, дары-дармек менен камсыздоо системасын өркүндөтүү жана улуттук саламаттык сактоо тармагынын муктаждыктарын эске алуу менен заманбап терапияны киргизүү маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө басым залалдуу шишик оорулары менен жабыркаган балдарды дарылоого жасалды. Бул багытта натыйжалуу дары-дармектерди өз убагында алуу өмүрдү сактап калууда принципиалдуу мааниге ээ экени белгиленди.

Адистердин айтымында, балдар онкологиясын өнүктүрүү комплекстүү мамилени талап кылат. Ал клиникалык протоколдорду өркүндөтүүнү, диагностикалык инфраструктураны чыңдоону, медициналык кадрларды даярдоону жана эң керектүү дары-дармектердин үзгүлтүксүз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну камтыйт.