Кызамык: үч жылда 30 миңден ашык учур катталып, 26 адам каза болгон

Ден соолук 7 октябрь 2026 12:20
Кызамык: үч жылда 30 миңден ашык учур катталып, 26 адам каза болгон

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2023–2025-жылдары кызамыктын 30 миң 388 учуру катталып, ооругандардын арасында 9 миң 708 пневмония, 3 миң 498 ичеги-карын татаалдашуусу, 15 энцефалит жана 26 өлүм учуру болгон. Ал эми 2026-жылдын январь–сентябрь айларында дагы 680 учур катталган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, иммунопрофилактика калктын саламаттыгын сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Жыл сайын иммунопрофилактика программасынын алкагында 900 миңден ашык адам эмдөө менен камтылат.

“Бүгүнкү күндө эмдөө тууралуу ишенимдүү маалыматтардын негизинде сүйлөшүү өзгөчө маанилүү болуп турат. Социалдык тармактарда жана интернет мейкиндигинде эмдөөгө байланыштуу, анын ичинде вакциналардын курамы жана коопсуздугу, эмдөөдөн кийинки мүмкүн болгон реакциялар, каршы көрсөтмөлөр, ошондой эле эмделбеген балдарды мектептерге жана бала бакчаларга кабыл алуу тартиби боюнча маселелер активдүү талкууланууда. Биздин милдет — калкка өз убагында түшүнүктүү, кесипкөй жана ишенимдүү маалымат берүү”, — деди ал.

Министрдин орун басары эмделбеген балдардын мектептерге жана бала бакчаларга баруусу боюнча да түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, профилактикалык эмдөөнүн жоктугу баланын билим алууга болгон укугун автоматтык түрдө же туруктуу чектөө дегенди билдирбейт. Убактылуу чектөөлөр белгилүү бир эпидемиологиялык кырдаалда гана — жугуштуу оорулардын массалык түрдө катталган учурунда же эпидемиянын пайда болуу коркунучу жаралганда колдонулуучу мүмкүнчүлүк.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь–сентябрь айларында катталган 680 кызамык учурунун 408и Бишкек шаарында, 404ү Чүй облусунда катталган.

Маалымдалгандай, башка вакцина менен башкарылуучу инфекциялар боюнча да учурлар катталууда. 2023–2025-жылдары дифтерияга шектелген 7 учур, 2026-жылдын 8 айында 2 учур катталып, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бардык учурларда дифтерия диагнозу жокко чыгарылган.

2025-жылы 11 жана 15 жаштагы мектеп окуучуларынын арасында столбняк боюнча 2 учур катталган. Эки учур тең үй шартында эмдөөдөн баш тартуунун кесепети менен байланыштуу болгон. Ал эми 2026-жылдын 8 айында көк жөтөлдүн 908 учуру катталган. Эң көп учур Бишкек шаарында катталууда.

Ишенапысова вакциналар эл аралык жана мамлекеттик көзөмөлдөн өтөөрүн жана мамлекет вакциналарды сатып алууга олуттуу каражат бөлөөрүн белгиледи.

“Мамлекет вакциналарды сатып алууга олуттуу каражат бөлөт. 2026-жылы бул багытка 397 млн сомдон ашык каражат жумшалууда. Анын ичинен 186 млн сому республикалык бюджеттен, 211 млн сому Вакциналар жана иммунизация боюнча глобалдык альянстан каржыланат.
Учурдан пайдаланып өзгөчө, ата-энелерге кайрылгым келет, балдарыңыздардын эмдөө статусун текшериңиздер. Эгерде кандайдыр бир эмдөөлөр өткөрүлүп жиберилген болсо, жашаган жериңиздер боюнча саламаттык сактоо уюмуна кайрылыңыздар. Үй-бүлөлүк дарыгер баланын эмдөө статусун тактап, мындан аркы эмдөө графигин аныктоого жардам берет.
Эмдөө жугуштуу оорулардан жана алардын оор кесепеттеринен коргонуунун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири бойдон калууда. Тескерисинче, эмдөө менен камтуунун төмөндөшү инфекциялардын жайылышына шарт түзөт, өзгөчө калктын аярлуу топтору үчүн коркунуч жаратат”, — деп белгиледи министрдин орун басары.

Ал ошондой эле ар бир ата-эне эмдөө эмне үчүн жүргүзүлөрүн, вакциналардын сапатына кандай талаптар коюларын жана бала иммундук коргоосуз калганда кандай тобокелдиктер жараларын билүүгө укуктуу экенин белгиледи.