Бишкекте №1 оорукананын жаңы 4 кабаттуу терапия бөлүмү ачылды

Ден соолук 8 октябрь 2026 14:50
DJI_0188.JPG
C0043T01.JPG
C0044T01.JPG
C0066T01.JPG
C0072T01.JPG
DJI_0188.JPG
DSC03601.JPG
DSC03612.JPG
DSC03630.JPG
DSC03644.JPG
DSC06261.JPG
DSC06270.JPG
DSC06277.JPG
DSC06301.JPG
DSC06322.JPG
DSC06325.JPG
DSC06326.JPG
DSC06327.JPG
DSC06332.JPG
DSC06339.JPG
DSC06341.JPG
Алдыга
Артка
DJI_0188.JPG
C0043T01.JPG
C0044T01.JPG
C0066T01.JPG
C0072T01.JPG
DJI_0188.JPG
DSC03601.JPG
DSC03612.JPG
DSC03630.JPG
DSC03644.JPG
DSC06261.JPG
DSC06270.JPG
DSC06277.JPG
DSC06301.JPG
DSC06322.JPG
DSC06325.JPG
DSC06326.JPG
DSC06327.JPG
DSC06332.JPG
DSC06339.JPG
DSC06341.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 08.10.26 /Кабар/. Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасында жаңы терапия бөлүмүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жаңы корпус оорукананын терапиялык профилдеги бейтаптарды диагностикалоо, дарылоо жана медициналык көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле бейтаптар жана медицина кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Жалпы аянты 1 530 чарчы метрди түзгөн төрт кабаттуу корпус бөлүмдүн толук кандуу иштеши үчүн зарыл болгон медициналык бөлмөлөр, жабдуулар жана инфраструктура менен камсыздалган. Долбоордун жалпы сметалык наркы 80 млн сомду түздү.

Имараттын жер төлө кабатында гематология, биохимия жана ИФА багыттары боюнча лаборатория, кир жуучу жай жана техникалык бөлмөлөр, ошондой эле тамактануу, сактоо, кир жуу, үтүктөө жана кирлерди кургатуу үчүн бөлмөлөр жайгашкан.

Биринчи кабатта пландуу түрдө келген бейтаптарды кароо бөлмөсү, хирургдун, терапевттин, ЛОР-дарыгердин жана офтальмологдун бөлмөлөлөрү, УДИ жана ЭКГ кабинеттери, процедуралык бөлмө, бөлүм башчысынын жана улук медициналык айымдын бөлмөсү, ошондой эле зарыл болгон санитардык жана техникалык бөлмөлөр каралган.

Экинчи жана үчүнчү кабаттарда түздөн-түз терапия бөлүмү жайгашкан. Бул кабаттарда бейтаптар үчүн палаталар, эки орундуу интенсивдүү терапия залы, процедуралык бөлмө, тамак таратуучу жайы бар буфет, медициналык айымдын посту, дарыгерлердин ординатордук бөлмөсү, бөлүм башчысынын кабинети, санитардык жана көмөкчү бөлмөлөр каралган.

Бөлүм зарыл болгон медициналык жабдуулар, ошондой эле жумшак жана катуу инвентарлар менен камсыздалган. Түзүлгөн шарттар бейтаптарга бир эле медициналык мекемеде зарыл болгон текшерүүдөн өтүп, дарылоонун толук курсун алууга мүмкүнчүлүк берет.

Белгиленгендей, бөлүмдүн курулушу жана жабдылышы "Ас-Сафа" коомдук бирикмесинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.