Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Министрлер кабинети 2026–2028-жылдарга карата жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмектерин бекитти.
Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ Кыргыз Республикасынын калкынын медициналык жардамдын натыйжалуу түрлөрүнө жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды.
Аталган токтомду ишке ашыруу Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга жана андан кийинки жылдарга бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылары белгиленген.
Токтом менен шилтеме аркылуу таанышууга болот.