Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 13-февралдан 16-февралга чейин түзүлгөн кар көчкү кырдаалына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу, 198-265 чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусунда;
- Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 1-14 чакырымдарындагы Өтмөк ашуусунда;
- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымдарында;
- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда;
- Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында;
- Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында;
- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарындагы Долон ашуусунда;
- Арал – Миң-Куш унаа жолунун 1-14-чакырымдарында;
- Арал – Суусамыр жолунун 8-21 чакырымдарында;
- Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусу;
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чон-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.