Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жарандарды аба ырайы жылып, муз эрип жаткан учурда муз бетине чыкпоого чакырат.
Ведомствонун маалыматына караганда, муздун калыңдыгы бардык жерде бирдей болбойт жана күтүүсүздөн жарылып кетиши мүмкүн, бул адамдардын өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратат. Айрыкча балдарды көзөмөлсүз калтырбоо, балык уулоодо же сейилдөөдө коопсуздук эрежелерин так сактоо зарыл.