Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты

Президент 1461 27 Июнь 2025 18:08
513193556_1267859882015310_7891280549171943574_n.jpg
513865810_1267859778681987_5103168908051036727_n.jpg
513394818_1267859848681980_7119384581164173919_n.jpg
511334305_1267859838681981_4043234289866900132_n.jpg
514188749_1267859788681986_2767468681656296254_n.jpg
Алдыга
Артка
513193556_1267859882015310_7891280549171943574_n.jpg
513865810_1267859778681987_5103168908051036727_n.jpg
513394818_1267859848681980_7119384581164173919_n.jpg
511334305_1267859838681981_4043234289866900132_n.jpg
514188749_1267859788681986_2767468681656296254_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек 27.06.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда Беларусь Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Минск шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты.

ЕАЭБ түзүлгөндөн бери Бирликке мүчө-мамлекеттердин ИДПсы 18 пайызга өсүп, 2,5 трлн АКШ долларынан ашканы белгиленди.

Ошол эле учурда өнөр жай өндүрүшү 29 пайызга, айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмүнүн өсүшү 25 пайызга, ал эми өз ара соода 2 эседен ашык өстү.

10 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын реалдуу ИДПсынын көлөмү 56 пайызга, ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара сооданын көлөмү эки эсеге өстү. Өлкөнүн өнөр жай өндүрүшү 54 пайызга, ал эми айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү 30 пайызга өстү.

Жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары жалпысынан күн тартибиндеги 14 маселени карашты.

Бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде ЕАЭБ жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу «IV Чоң» протоколуна кол коюлду, анда Келишимди укуктук колдонуу тажрыйбасынын жүрүшүндө аныкталган укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды жоюу боюнча түзөтүүлөр камтылган.

Ошондой эле жыйындын жыйынтыгында Монголия жана Бириккен Араб Эмираттары менен соода келишимдерине кол коюлду.