Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жарлыгына кол коюлду – тизме

Президент 9 сентябрь 2026 15:10
Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жарлыгына кол коюлду – тизме
copyright icon WWW

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу төмөнкү жарандар сыйланышты:

"Эмгек Баатыры" артыкчылык даражасы:

  • Абдыкадыров Рысбай — ырчы, аткаруучу жана обончу (каза болгондон кийин);
  • Бегалиев Муратбек Акимович — А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору, композитор;
  • Исаков Бектур Сыдыкович — Талас районундагы К. Нанаев атындагы Арал орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
  • Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович — Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
  • Кудаяров Дүйшө Кудаярович — И. К. Ахунбаев атындагы КММАнын кафедра башчысы.

III даражадагы "Манас" ордени менен:

  • Бажаев Муса Юсупович — "Группа Альянс" АКсынын президенти (Россия);
  • Букуев Медетбек Омошевич — Кыргыз Республикасынын Футзал ассоциациясынын уюмдаштыруучусу;
  • Жошибаев Сейтхан — Кардиохирургия жана трансплантология илимий-клиникалык борборунун директору (Казакстан);
  • Ишемкулов Тилектеш — БМУнун журналистика жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу;
  • Киязов Кемелбек Абдыкадырович — ички иштер органдарынын ардагери, милициянын отставкадагы генерал-майору;
  • Узакбаев Камчыбек Аскарбекович — КММКДжаКЖИнин педиатрия кафедрасынын профессору;
  • Шыкмаматов Алмамбет Насырканович — Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы.

"Эрдик" ордени менен:

  • Бусурманкулов Максатбек Турусбекович — ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кезмет кызматынын башчысы, подполковник;
  • Казыбеков Аскарбек Акылбекович — ӨКМге караштуу Суучулдар кызматынын бекет башчысы, лейтенант (каза болгондон кийин).

"Даңк" ордени менен:

  • Боронбаева Какиш Калыйакматовна — "Юкор Строй Групп" ЖЧКсынын курулуш бөлүмүнүн прорабы;
  • Жантаев Элчибек Нуржадыевич — Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
  • Исраилов Абдилашим — "Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин президенти;
  • Кадыралиев Кайыпбек — Нарын облустук бириккен ооруканасынын врач-кардиологу;
  • Кантороев Кубанычбек Абылтаевич — жол тармагынын ардагери;
  • Курманбекова Гүлбүбү Токтосуновна — Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин деканынын милдетин аткаруучу.

"Достук" ордени менен:

  • Мелибоев Ахмаджон — Өзбекстан Республикасынын маданий ишмери, жазуучу жана журналист.

Ардактуу наамдар:

  • "Кыргыз Республикасынын эл мугалими": Алимбеков Акматали — Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору.

"Кыргыз Республикасынын эл врачы":

  • Ажибеделова Чынара Алмаматовна — Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын балдар врач-невропатологу;
  • Акылбеков Мамытбек Адыбекович — Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо ИИИнин бөлүм башчысы.

"Кыргыз Республикасынын эл артисти":

  • Карыпбаев Уланмырза Нурдинович — Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси;
  • Кулахматов Боромбай — Кыргыз улуттук филармониясынын эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру;
  • Сманбеков Темирлан Камашович — Кыргыз мамлекеттик ТЮЗдун артисти;
  • Тентимишов Болот Аскарбекович — Кыргыз улуттук филармониясынын көркөм жетекчиси;
  • Халматова Самидахан Нышанбаевна — Ош мамлекеттик өзбек музыкалык-драма театрынын артисти.

"Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу":

  • Өзүбекова Жеңишгүл Авазовна — жазуучу, киносценарист.

"Кыргыз Республикасынын эл акыны":

  • Акбаров Атантай — акын, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары.

"Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү":

  • Айтиев Сатар Гапарович — сүрөтчү.

"Кыргыз Республикасынын жаратманы":

  • Акматов Таштанбек — мамлекеттик ишмер, айыл чарбасынын ардагери;
  • Сартбаева Асель Болотовна — EnsiliTech биотехнологиялык стартапынын тең уюмдаштыруучусу, Бата университетинин профессору (Улуу Британия).

"Кыргыз Республикасынын сыймыгы":

  • Өмүрканов Анатай — акын;
  • Садыкова Саламатхан Момуновна — Кыргыз улуттук филармониясынын солисти.

"Ардак" медалы менен сыйлангандар:

  • Абдраимов Төлөгөн Абишович, Абдувалиев Махмуд Сулейманович, Абыканова Бүбүжамал Камбарбековна, Акназаров Каримжан Камчыбекович, Анарбаева Дина Турманбековна, Арипова Айгүл Кокташевна, Асанов Иманакун, Базаркулова Нурсыйда Манасовна, Баялиев Замирбек Жайлообекович, Бедаш Виктор Владиславович, Букуева Тумарча Боржуковна, Галынин Игорь Васильевич, Джорбаева Айна Асановна, Жунусалиев Дыканали, Касымов Мирлан Джурсунбекович, Кендирбаева Умсунай Идрисовна, Кудайбергенов Беделбек Сыдыкович, Кыдырбаев Улук Асанкарыевич, Мусаев Нурлан Алишерович, Недикова Юлия Григорьевна, Ормокоев Рустам Асылбекович, Салиева Айсалкын Пазыловна, Сапрыкина Валентина Алексеевна, Сартов Нурманбет Молдогазиевич, Сатарова Гүлмира Окушовна, Такырбашев Кумар Карагулович, Төрөгелдиев Амантур, Тууганбаев Жыргалбек Тураалыевич, Умаралиев Эмилбек Бочонович, Юсупов Рахимжан Каримжанович.