Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Бүгүн, 13-ноябрда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушуун улантып, анда Чолпон-Ата шаарынын тургуну Сауле Мамбетованын кайрылуусун укту.
Жарандын айтымында, күйөөсүн УКМК кызматкерлери пара берүү же алуу иши боюнча атайын кылтакка түшүрүп, үй-бүлөсүнө мүлкүн мамлекетке өткөрүп берүү үчүн басым жасашкан.
Өз кезегинде жолугушууда катышкан УКМК өкүлү ”Уют” жана ”Уют плюс“ конок үйлөрү кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы күрөшүү боюнча тергөөнүн жүрүшүндө Чолпон-Ата шаардык мэриясынын балансына өткөрүлгөнүн түшүндүрдү.
Мамлекет башчысы бул маселеге токтолуп, тиешелүү органдарга ишти кайра карап чыгып, адилеттүү чечим чыгарууга чакырды. Садыр Жапаров акыркы жылдары уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш убагында айрым адашуулар кеткенин белгиледи.
”Акыркы бир 4-5 жылда ушундай окуялар көп эле болуп кетти. Уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деп эле, 100 пайыз болбосо дагы, арасында 10-15 пайыз таза адамдар, ишкерлер да кирип кетти. Ошолордун баарына адилеттүүлүктү койгула”, — деди Садыр Жапаров.