Президент: Бир үй-бүлөдөй жашашыбыз керек, коогалаңга жол берилбейт

Президент
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Бүгүн, 13-ноябрда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын, Түп жана Ак-Суу райондорунун тургундары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө кечээ жасаган кайрылуусунун максатына токтолуп, өлкөдөгү туруктуулукту бузууга аракет кылган айрым саясий күчтөрдүн көздөгөн максаттарын кескин сындады.

”Мен кечээ кайрылуу кылдым. Бул боюнча айрымдар чай ичип отуруп, кайсы бир кабинкага кирип алып: ”Эмне кылсак бул президенттикти утабыз? Эмне кылсак ушул шайлоону болтурбай коебуз?“— дептир. Анан бирөөсү айтып жатпайбы: ”Улут аралык өзбек-кыргыз кылып ийиш керек, ошондо шайлоо өтпөй калат” деп. Мен ошон үчүн жөн эле мындай эскертүү катарында кайрылуу жасап койдум”, — деди Садыр Жапаров.

Президент мындай кооптуу провокацияларга эч качан жол берилбей турганын баса белгилеп, күч структураларынын дарамети толук жетерин эскертти.

”Жол бербейбиз, Кудай буюрса. Ага биздин күч органдардын, мамлекеттин күч-кубаты жетет. Бир күндө баарын тынчытып басканга техникалык дагы, күч жагынан дагы баардык каражат жетиштүү”, — деди ал.

Мамлекет башчысы улуттар аралык ынтымак өлкөнүн өнүгүүсүнүн башкы шарттарынын бири экенин белгилеп, Кыргызстанда жашаган бардык жарандарды биримдикке чакырды.

”Саясатчылар болобу, кыргыз, өзбек, уйгур, тажик болобу — баардыгы Кыргызстанда бир үй-бүлөдөй болуп ынтымакта жашашыбыз керек. Мына ошондо өнүгүү болот, өсүү болот, экономика көтөрүлөт, элдин турмушу жакшырат дегендей — биринчи кезекте тынчтык болуш керек”, — деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.