Бишкек, 09.09.26 /Кабар/. 2025-2026-жылдардагы Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы көп тараптуу дипломатиябыз үчүн маанилүү этап болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Анын айтымында, биз ШКУга төрагалык кылган мезгилде коопсуздук, туруктуу өнүгүү, транспорт, соода-экономикалык кызматташтык, энергетика, санариптештирүү жана гуманитардык байланыштар боюнча маанилүү иштер алдыга жылдырылган.
“Дүйнө Кыргызстанды жаңы деңгээлде, жаңы түстө көрө баштады. Өлкөбүзгө болгон кызыгуу жана ишеним артууда. Демек, Кыргызстанга болгон эл аралык көңүл мындан ары дагы күчөйт. Бул – биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик”,- деди Жапаров.
Акыркы күндөрү өлкөбүздүн тарыхында өзгөчө орун алган бир катар ири эл аралык иш-чаралар болуп өткөндүгүн президент өз сөзүндө белгиледи.
“Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын 25 жылдык юбилейлик Саммити жана “ШКУ+” жогорку деңгээлдеги жолугушуусу өттү. Ошол эле күндөрү Кытай Эл Республикасынын төрагасы урматтуу Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары жана Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри урматтуу Мухаммад Шахбаз Шарифтин расмий сапарлары ийгиликтүү ишке ашырылды.
Муну менен катар, VI-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өткөрүлүп, Кыргызстан дүйнөлүк саясий, маданий жана спорттук коомчулуктун көңүл борборунда болду”,- деди президент.