Бишкек, 26.09.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Нигер Республикасы дипломатиялык мамилелерди түздү.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү биргелешкен коммюникеге Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Нигердин тышкы иштер министри Бакари Яу Сангаре кол коюшту.
Жолугушууда эки өлкөнүн байланыштарын өнүктүрүү, ошондой эле БУУ, Ислам кызматташтык уюму жана башка эл аралык аянтчалардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Тараптар кызматташтыкты кеңейтүүгө жана достук мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.