Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар/. Кыргызстан көчмөн маданиятын сактап гана калбастан, аны илимий жактан изилдеп, дүйнөгө жайылтуучу борборго айланууда. Бул тууралуу тарых илимдеринин кандидаты Жеңишбек Дүйшеев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чаралар улуттук оюндарды жайылтуу менен гана чектелбестен, көчмөндөрдүн тарыхын жана маданиятын академиялык деңгээлде изилдөөгө жаңы мүмкүнчүлүк түзүүдө.
“Бүгүн биз күбө болуп жаткан көрүнүштөрдүн тарыхый тамыры абдан терең. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери улуттук баалуулуктарыбызды улам көтөрүп чыгып, бүгүн дүйнөгө тааныта алдык. Элибиз көчмөндүк рухту сиңирген, бай көрөңгөгө ээ калк экенин дагы бир ирет далилдедик. Буга чет элдик меймандар менен маалымдоо каражаттарындагы пикирлери да күбө”, — деди ал.
Профессордун белгилешинче, көчмөндөрдүн тарыхын жана маданиятын ар тараптуу изилдөө үчүн окумуштуулардын бир аянтчага чогулушу келечектеги илимий иштерге бекем негиз түзөт.
“Эң кубанычтуусу — бул саамалык жөн гана оюндарды чагылдыруу менен чектелбей, илимий деңгээлге көтөрүлүүдө. Көчмөн турмушту окумуштуулар тарабынан ар тараптуу изилдөө башталды. Илимпоздордун башы биригип, ар кандай көз караштардын ортого салынышы кийинки теориялык изилдөөлөргө жакшы пайдубал болуп берет”, — деди Жеңишбек Дүйшеев.
Ал ошондой эле “Бишкек Аренада” өткөн ачылыш аземи жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жергиликтүү элдин гана эмес, тарыхка жана маданиятка кызыккан чет элдик меймандардын да чоң кызыгуусун жаратканын белгиледи.
“Оюндардын ачылыш аземи жана мелдештер тарыхка, түпкүлүгүбүзгө кызыккан калың журттун көңүлүн бурду. Көч бара-бара түзөлөт демекчи, кийинки иш-чараларды мындан да сапаттуу жана мазмундуу уюштуруп, аудиториясын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт”, — деп кошумчалады профессор.