Парламентте гид-робот иштей баштады: Президент санариптик музейди көрүп чыкты

Президент 9 сентябрь 2026 13:20
801822604_1781424759843359_6364586300835581817_n.jpg
801439728_1820358898974968_6459324844281161848_n (1).jpg
801582047_1503241828227431_8699388434639781692_n.jpg
801641694_2869406826794679_4570981789301207959_n.jpg
801582272_1256537499920854_8307886442131087090_n.jpg
800994950_28412652825018018_5781760238606869726_n.jpg
799547195_1786011365735565_2276367680439374964_n.jpg
801885415_1091233850506227_809755251769126298_n.jpg
801582319_2160953491434931_7212180842638956821_n.jpg
800994950_1596291785378951_3428934206882246488_n.jpg
798797757_1064323153010111_8508570245439226215_n.jpg
801641682_1693384018418145_6962137623595463920_n.jpg
801045674_955514716840103_4703649040316045354_n.jpg
799985826_1453938253304970_8452009289271232697_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңеште заманбап санариптик музейдин ачылышына катышып, парламенттин жаңыланган жыйын залдарын көрүп чыкты.

Музейде гид-робот мамлекет башчысына кыргыз элинин жана парламенттин тарыхына, ошондой эле Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө арналган экспозициялар тууралуу айтып берди.

Ошондой эле президент мамлекеттик органдардын жетекчилерине жыйындарга онлайн режимде катышууга мүмкүндүк берген заманбап санариптик технологиялар менен жабдылган парламенттин жаңыланган жыйын залдарын көрүп чыкты.

Иш-чаранын соңунда Садыр Жапаров жаңыланган экспозиция келгендерге, өзгөчө жаш муунга парламенттин тарыхын жана ишмердүүлүгүн жакындан таанып-билүүгө мүмкүндүк берерин, ошондой эле жарандардын Жогорку Кеңештин ишине болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө болорун белгиледи.