Садыр Жапаров Рустами Эмомали менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Эмнелер талкууланды?

Президент 1996 09 Июль 2025 12:05
517401434_1278603150940983_7015264313953706565_n (1).jpg
516262448_1278603234274308_2494513533901891409_n.jpg
518371701_1278603204274311_1269297025234571126_n.jpg
515980879_1278603164274315_8827599917245190442_n.jpg
516749723_1278603244274307_7718000912614150790_n.jpg
515983421_1278603287607636_6162355482057259853_n.jpg
517759033_1278603280940970_4595250421767181984_n (1).jpg
517759033_1278603280940970_4595250421767181984_n.jpg
516749284_1278603197607645_3149464738637966117_n.jpg
Алдыга
Артка
517401434_1278603150940983_7015264313953706565_n (1).jpg
516262448_1278603234274308_2494513533901891409_n.jpg
518371701_1278603204274311_1269297025234571126_n.jpg
515980879_1278603164274315_8827599917245190442_n.jpg
516749723_1278603244274307_7718000912614150790_n.jpg
515983421_1278603287607636_6162355482057259853_n.jpg
517759033_1278603280940970_4595250421767181984_n (1).jpg
517759033_1278603280940970_4595250421767181984_n.jpg
516749284_1278603197607645_3149464738637966117_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Тажикстандын Жогорку жыйынынын жогорку палатасынын Улуттук кеңешинин төрагасы Рустами Эмомали менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Мамлекет башчысына сүйлөшүүлөрдүн алдында парламенттин жаңы имараты тааныштырылды, андан ал соң ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин жана парламенттер аралык багытты илгерилетүү маселелерин талкуулашты.

Рустами Эмомали Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, Кыргызстандын башчысынын сапары эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы маанилүү окуя болуп, мамлекеттер аралык жана парламенттер аралык кызматташтык үчүн жаңы горизонтторду ачарын баса белгиледи.

Бул сапар эки мамлекеттин достукту, ынак коңшулукту жана туруктуу өнөктөштүктү чыңдоого болгон бекем умтулуусун жогорку деңгээлде күбөлөндүрүп турат.

Рустами Эмомали тажик тарап парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары да тереңдетүүгө, анын ичинде биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле парламенттик комитеттер менен достук топторунун ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан Тажикстан менен парламенттер аралык диалогду чыңдоого өзгөчө маани берерин жана бул багытты мамлекеттер аралык алакалардын үзгүлтүксүз өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү деп эсептей турганын белгиледи.

Буга байланыштуу президент кыргыз-тажик кызматташтыгын ар тараптуу кеңейтүү жана мазмундуу толуктоо боюнча координацияланган иштерде парламенттердин ролу абдан маанилүү экенин баса көрсөттү.

«Кыргыз тарап эки мамлекеттин тынчтыкта, коопсуздукта жана туруктуулукта өнүгүшүнө багытталган шарттарды тажик тарап менен биргеликте түзүүгө толук чечкиндүүлүктү карманат», - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жана жетишилген макулдашуулар эки өлкөнүн жана элдин бакубаттуулугу үчүн парламенттер аралык гана эмес, мамлекеттер аралык өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө жакшы негиз болоруна ишеним билдирди.