Садыр Жапаров Бишкекте кезектеги ипотекалык батирлердин ачкычын тапшырды

Президент 2068 11 Июль 2025 00:20
515958200_1279926587475306_9086175836129641597_n.jpg
518271033_1279926600808638_3941255313926736228_n.jpg
517867801_1279925857475379_6476250213544288216_n.jpg
516048807_1279926554141976_3806587584934743000_n.jpg
518290765_1279926277475337_1399300695667527319_n.jpg
518291344_1279926500808648_7531133156119725547_n.jpg
518285251_1279926027475362_2322999094516848310_n.jpg
518272865_1279926440808654_2492600503461560770_n.jpg
518330704_1279926160808682_2406914157142364742_n.jpg
518095867_1279926350808663_1930071614292894266_n.jpg
518661064_1279925827475382_3836272453693125601_n.jpg
518296982_1279926024142029_7955741286245510846_n.jpg
518316275_1279925930808705_8801694796719976256_n.jpg
518302900_1279925940808704_3825730597110972509_n.jpg
515860545_1279926247475340_1042229299083975626_n.jpg
517125853_1279926414141990_4209966872160680888_n.jpg
518308699_1279926374141994_7966807574907331364_n.jpg
518251066_1279926640808634_34056057133382974_n.jpg
518276660_1279926524141979_2326846537476022445_n.jpg
518331212_1279926484141983_4649909315339310742_n.jpg
518296936_1279925874142044_6084249996566780443_n.jpg
518325994_1279926177475347_3513976864416821854_n.jpg
518307051_1279926650808633_4322941793905544388_n.jpg
518332306_1279926457475319_6940534316805586745_n.jpg
518326710_1279925830808715_4999067405224101571_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.07.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 10-июлда Бишкек шаарындагы Калый Молдобасанов көчөсүндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган жаңы турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычын тапшыруу аземине катышты.

Мамлекет башчысы салтанаттуу иш-чараны ачып жатып, бүгүнкү күндө бүткүл Кыргызстан боюнча ипотекалык турак жайларды куруу активдүү жүрүп жатканын баса белгиледи. Бишкекте алгачкы үч турак жай комплекси ийгиликтүү аяктады, ал эми Жалал-Абад облусунда жеңилдетилген ипотекалык шарттарда жарандарга берилген эки көп кабаттуу үй курулду.

Калый Молдобасанов көчөсүндө жайгашкан 15 кабаттуу турак жай комплекси 225 батирди камтыйт. Комплекстин аймагында автономдуу жылытуу системасы, балдар аянтчасы жана жер алдындагы унаа токтотуучу жай каралган.

Садыр Жапаров жарандарды турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин эң башкы жана артыкчылыктуу милдеттеринин бири экенин белгиледи.

“Бүгүн биз жөн гана көп кабаттуу үйлөрдүн бүткөрүлүшүнө күбө болбостон, мамлекет жүргүзүп жаткан турак жай саясатынын иш жүзүндөгү жыйынтыктарын, үзүрүн көрүп жатабыз. Бул заманбап жана ыңгайлуу көп кабаттуу үй “Менин үйүм” программасынын алкагындагы дагы бир чоң ийгилик”, - деди президент.

“Менин үйүм” турак жай программасы жарандардын реалдуу муктаждыктарын учурунда чечүүгө багытталган механизмге айланды. Бүгүнкү күндө бул программага катышып, турак жай алуу үчүн кезекке тургандардын саны 58 миңден ашты. 10 миңден ашуун үй-бүлө үйлүү болду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул программа аркылуу Кыргызстанда жалпысынан 70 миңге жакын батирдин курулушу башталып, алардын басымдуу бөлүгү активдүү фазада турганын белгиледи.

“Мамлекеттик ипотекалык компания алдыдагы 5 жыл ичинде муктаж болгон жарандарыбызды турак жай менен толук камсыз кылууну максат кылып жатат. Бул чоң пландар жарандардын үй-жай маселелерин чечүүгө багытталган иштин бир бөлүгү гана. Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, биягы Кара-Балтадан Токмокко карай үйлөрдүн салынышы кызуу жүрүүдө”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле турак жай курулушу стратегиялык жана узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ экенин, ошондуктан мамлекет мүмкүн болушунча көп жарандар өз үйүнө ээ болушу үчүн жаңы, сапаттуу жана жеткиликтүү турак жайларды курууну улантаарын өзгөчө белгиледи.

Президент шаарлардан кийин айылдарда да турак жайлар курулуп, 25 жылга чейинки мөөнөт менен ипотекага берилерин ырастады.

Буга байланыштуу ал райондордун жана шаарлардын жетекчилерине кайрылып, аларды жеке кызыкчылыктардан жана коррупциялык көрүнүштөрдөн кайтып, бош жаткан жерлерди турак үйлөрдү куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп бергиле деди.

Сөзүнүн соңунда мамлекет башчысы үй алуу үчүн 4 жыл кезекте турган Бишкек шаарынын тургуну, үч баланын энеси – Астра Асанакуновага жаңы батирдин ачкычын тапшырды.

Андан соң президент Садыр Жапаров жаңы батирлерди көрүп чыкты жана жаңы конуш ээлери менен баарлашып, аларга жаңы үйлөрү кубаныч менен бакытка бөлөнгөн үй-бүлөлүк очок болушун каалады.