Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды

Президент 1334 08 Июль 2025 10:20
517602373_1277665061034792_5361145971920686082_n.jpg
516111263_1277665264368105_9089260659275146919_n.jpg
515729507_1277665164368115_104158804536797957_n.jpg
515938092_1277665361034762_6397904591027314501_n.jpg
516384632_1277665281034770_2267346458942879542_n.jpg
516590096_1277665044368127_1816249754228915996_n.jpg
516757332_1277665374368094_9114916134096901181_n.jpg
516839474_1277665157701449_7588600223355429628_n.jpg
516870523_1277665324368099_4544756582220588529_n.jpg
517013381_1277665347701430_4578531497416641467_n.jpg
517572885_1277665211034777_1263657387445577346_n.jpg
517791654_1277665197701445_1715292282051399499_n.jpg
518261710_1277665391034759_8063886397491729330_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июлда мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды.

Мамлекет башчысынын учагы Душанбе шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыра Жапаровду Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тосуп алды.

Душанбе шаарынын эл аралык аэропортунда эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Өз ара саламдашуудан кийин, өлкө лидерлерин улуттук кийим кийген улан-кыздар тосуп алышты. Андан соң мамлекет башчыларына 500дөн ашуун артист катышкан чакан концерттик программа көрсөтүлдү.

Сапардын алкагында президент Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле Тажикстандын парламентинин эки палатасынын спикерлери жана өлкөнүн премьер-министри менен жолугушуулар пландалууда.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, ошондой эле бир катар эки жактуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, сапардын алкагында кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, ошондой эле эки өлкөнүн өнөр адамдарынын катышуусундагы “Түбөлүк достук” концерти өтөт.